"Эркин-Тоо"

Өзбекстанда гранттык негизде магистратурада окууга 5 орун берилди

Өзбекстан Республикасы ШКУга мүчө мамлекеттерге, анын ичинде Кыргыз Республикасына 2022-2023-окуу жылында “Жибек жолу” Эл аралык туризм жана маданий мурас университетинде магистратура программасы боюнча окууга гранттык негизде 5 орун берет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, документтерди берүүнүн акыркы мөөнөтү 2022-жылдын 1-августунда аяктайт.

Арыз берүүчүлөр документтердин электрондук көчүрмөлөрүн кабыл алуу комиссиясынын http://admissions.univ-silkroad.uz сайтына жүктөөгө тийиш.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!