"Эркин-Тоо"

Өзбекстанда түрк элдеринин кол өнөрчүлүгүнө арналган форум өтөт

12-14-майда Өзбекстандын Фергана облусунун Риштан районунда «Түрк элдеринин кол өнөрчүлүгү» форуму өтөт. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди.

Форумдун алкагында карападан жасалган буюмдардын көргөзмөсү жана керамика боюнча мастер-класстар уюштурулат. Форумдун коноктору өз өнөрлөрүн карапа жасоодо сынап көрүп, кесипкөй усталардын айрым буюмдарын сатып ала алышат.

Иш-чарага 15 өлкөнүн делегацияларынын, анын ичинде Кыргызстан, Азербайжан, Ооганстан, Израил, Индия, Казакстан, Пакистан, Польша, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Чехиянын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!