"Эркин-Тоо"
Экономика

Өзбекстандан электр кубатын алуу шарттары

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевдин маалымат булактарына берген билдирүүсү боюнча, Кыргызстан Өзбекстандан 750 миллион киловатт-саат алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, электр энергиясы өлкөгө импорттоло баштады.

“Мындай иш-аракеттер быйыл жана кийинки жылдын биринчи кварталына чейин уланып, жай мезгилинде тыныгуу болот. Электр энергиясын кайрадан кайтарып берүү жайында башталып, карыздар үч жылдын ичинде берилип бүтөт «, — дейт Турдубаев.

Эске салсак, буга чейин министр Кыргызстан менен Казакстан электр кубатын алмашуу тууралуу макулдашылганын айткан.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 3 миллиард куб метрге аз болгондуктан, өлкөгө электр энергиясын сырттан алып келүү зарылчылыгы чыкты.