"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Өзбекстандын калкы 37 миллиондон ашты

2025-жылдын 1-июлуна карата Өзбекстандын туруктуу калкы 37 миллион 859 миң 700 адамды түздү. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.

Расмий маалыматтарга ылайык, калктын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 пайызга көбөйгөн. Жалпы элдин 51 пайызы — 19 миллион 296 миң 400 адам шаар жеринде, ал эми 49 пайызы — 18 миллион 563 миң 300 адам айыл жеринде жашайт.

Аялдар — 18 млн 793 миң 900 (49,6%), эркектер — 19 млн 65 миң 800 (50,4%) кишини түзөт.

Ошондой эле 2025-жылдын 1-июлуна карата калктын жыштыгы бир чарчы чакырымга 84,3 адамдан туура келери белгиленди. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул учурунда 82,7 адамды түзүп, быйыл 1,6 бирдикке өскөн.