"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келди

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Абдулла Арипов 26-октябрда Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин , Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат.