Бүгүн Кыргызстанга Өзбекстандын Олий мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева баштаган жана Тажикстандын Маджлиси Оли Маджлиси милли төрагасы Рустами Эмомали баштаган парламенттик делегациялар келишти.
Делегацияларды «Манас» эл аралык аэропортунда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева тосуп алды.
Белгилей кетсек, парламенттик делегациялар 2023-жылдын 16-17-ноябрында Бишкекте өтө турган КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясына катышуу үчүн келишкен.

