"Эркин-Тоо"

Өзгөн районунда жер көчкү жылып, өзгөчө кырдаал жарыяланды

Өзгөн районунда жүргөн жер көчкү жылып жатат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жер көчкөн аймактагы18 турак үйдүн 195 тургуну жеңил үй тиричилик буюмдары менен Куршаб айылына көчүрүлгөн. Жеринде райондук бөлүмдүн офицери жана жергиликтүү бийлик тарабынан көчкүнү көзөмөлдөөгө нөөмөт уюштурулган. Жер көчкү акырындан жылып, учурда турак үйлөргө 120 метр калды.
Учурда Карл Маркс айылына I даражадагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жеринде абалды Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов көзөмөлгө алууда.
Аталган аймактагы жер көчкү түшү коркунучу 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. 2022-жылдын 5-сентябрында ӨКМдин кооптуу аймактарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин корутундусу чыгарылып, жашоого кооптуу деп табылган 18 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү керек экендиги эскертилип, сунушталган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!