“Гардиан” гезитинин соңку маалыматтына караганда, Түндүк Атлантикада Гольфстрим жана башка жылуу агымдардын максималдуу жайлагандагын климатолог илимпоздор айтышууда. Изилдөөлөрдү Германиянын, Ирландиянын жана Британиянын адистери жүргүзүшкөн.
Алардын пикиринде, Атлантикада агымдардын айлануу кыймылы кичи муз доору аяктаган 19-кылымдын ортосуна чейин туруктуу болгон. Ошондон тарта агымдар жайлоосун токтоткон. Гольфстримдин жайлашы Атлантика океанынын деңгээлинин жогорулашына алып келет.