"Эркин-Тоо"
Дүйнө

​Ван Гог менен таанышуу

Парижде Ван Гогдун буга чейин эч ким көрө элек “Монмартрдагы көчө сценасы” деп аталган картинасы көрүүчүлөрдүн сынына коюлду. 1887-жылы тартылган бул картина жеке коллекционерлердин колунда сакталып келген. Эми ал Sotheby’s аукцион үйү аркылуу 25-мартта сатыкка коюлат жана ага чейин Парижде, Амстердамда жана Гонконгдо көрсөтүлөт. Картина үчүн 8 миллион евро суралууда.