"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

№37 мектептин окуучуларынын Президентке кайрылуусунан кийин мэриянын өкүлдөрү мектепке барды

Социалдык тармакта №37 мектептин окуучулары Президент Садыр Жапаровго кайрылып, дааратканадагы шарттар начар экенин билдирген видеодон кийин мэрия өкүлдөрү мектепке барып текшерүү жүргүздү. Бишкек мэриясы кемчиликтердин көпчүлүгү учурда жоюлганын маалымдады.

Вице-мэр Виктория Мозгачева Билим берүү департаменти, район администрациясы, мектеп жетекчилиги жана ата-энелер комитети менен бирге мектепти карап чыкты. Текшерүүдө агын суунун чыгып кетиши бир күндүк убактылуу канализация бүтөлүшү менен байланышканын, муну окуучулар жана ата-энелер да ырасташканын билдирди. Мэрия «Бул маселе бир ай бою чечилбей келди» деген маалымат чындыкка дал келберин маалымдады.

Мэриянын айтымында, социалдык тармакта айтылган мүчүлүштүктөр боюнча чаралар көрүлдү.

Мектепте төмөнкү кемчиликтер жоюлду:

  • канализация толугу менен тазаланды;

  • эркектер дааратканасындагы бузулган эшиктер калыбына келтирилди (мурун тез бузулгандыктан алынган);

  • терезелерге атайын тосмо жабылды.