"Эркин-Тоо"

1-ДЕКАБРЬ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК СПИД МЕНЕН КҮРӨШҮҮ КҮНҮ 

Ушул жылдын  1-октябрына карата Кыргызстанда  ВИЧ (АИВ) – инфекциясынынын 13030 учуру катталган.  Анын ичинен  12272си өлкө жарандары болуп саналат.  Бул дарт менен 700дөн ашуун жаш балдар жабыркап келет.  Бүгүнкү күндө өлкөдө   илдетке чалдыккандардын 80%ы өзүндө вирус бар экенин билет. Бул ооруда эки термин бар алар ВИЧ жан СПИД.  ВИЧ- бул канда вирус бар дегенди билдирет. СПИД болсо илдеттин оор формасы. Республикада  1314 адам дарттын өчүшүп кеткен түрү менен жабыркайт.  Дарыгерлер дартты жеңил формасында дарылоо жеңил болоорун, бул үчүн  ар бир адам жылына бир жолу текшерүүдөн өтүүнү эскертет.

Бул тууралуу Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунунун  директору Үмүткан Чокморова билдирди.  “Эпидемияны байкоого алуунун бардык мезгилине карата ВИЧ – инфекциясы  бар 3233 адам бул дүйнө менен коштошкон. Бүгүн Кыргызстанда АИВ илдетине  чалдыккандардын 80%ы өзүнүн статусун түшүнөт. Ал эми  2000ге жакын адам өз статустарын тилекке каршы, биле беришпейт.  Дартты алдын алуу  боюнча кызыкдар тараптар менен маалымат жайылтууга болгон аракеттер көрүлүүдө.”, — дейт  директор.

Аталган борбор  Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнө карата дарт менен күрөшүүгө арналган  улуттук өнөктүк баштаган. Анын максаты-  дарт жабышкан жарандарга жардам берүүнү мындан да жакшыртуу, аларды колдоо болуп саналат.  Ак халатчандар дары —  дармекти убактысында колдонуу, текшерилүү ооруну  жок кылууга жардам берерин баса белгилешет.

Эске салсак, ВИЧ/СПИД  менен ооруган жарандар Кыргызстанда акысыз дарыланат. Атайын терапиядан   дарыланган көпчүлүк бейтаптар,  кадимки дени сак адамдардай эле жашоо кечирүүдө. Анткени, дарылануу организмдеги  вирустук абалды кескин төмөндөтөт.  Андыктан убагында дарылануу жеңиш алып келээрин унутпоо зарыл..

Мээрим БАКТЫБЕК кызы