"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт

2025-жылдын 1-октябрынан баштап өлкөдө пенсиялар жогорулайт. Социалдык фонд даярдаган документке ылайык, жарандардын пенсиясына 600 сомдон 5 миң сомго чейинки акча каражатын кошуу сунушталууда.

Жаңы тартипке ылайык, пенсиянын суммасы (анын ичинде базалык бөлүгү менен) мурдагы жылдагы пенсияга керектелчү эң аз каражаттан — 7065 сомдон — төмөн болбошу керек. Ошондуктан, 1-октябрдан тарта пенсиянын эң төмөнкү көлөмү 7100 сом болот.

Мыйзам боюнча, пенсия жыл сайын жогорулап турушу керек жана ал жашоо минимумунан аз болбошу шарт.