"Эркин-Тоо"

10 аким Түркияга барат

19-16-январь аралыгында Кыргызстандын 10 районунун мамлекеттик администрация башчылары – акимдери Түркияда бир жумалык окууга барышат. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окутуу эки өлкөнүн президенттеринин Бишкекте болгон жолугушуусунда жетишилген макулдашуулардын алкагында уюштурулуп жатат. Баардык каржылоону Түркия мамлеккетти өз карамагына алган.

Түркиядагы окуу программасы мамлекеттик жана жеке секторду башкаруу боюнча заманбап ыкмаларды үйрөнүүгө, айыл чарба тармагын заман талабына ылайык өнүктүрүүгө жана трансформациялык өзгөрүүлөрдү жүргүзүүгө багытталган. Сабактарда эл аралык тажрыйбаны изилдөө, аймактарды өнүктүрүүдө инновациялык ыкмаларды колдонуу, ошондой эле социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча теориялык жана практикалык билимдер берилет.

Тизме:

1. Сенирбаев Алтынбек Жыргалбаевич – Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.
2. Имаров Алгынбай Торалиевич – Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.
3. Бапаев Чынгыз Арстанбекович – Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.
4. Абдыкадыров Эмилбек Ысагулович – Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.
5. Баяке уулу Болоткан – Баткен облусунун Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.
6. Осмонов Бактыбек Арапбаевич – Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.
7. Ниязбек Эгемкулович – Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.
8. Жыргалбек Тургунбекович – Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын башчысы.
9. Кубатбек уулу Азат – Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси.
10. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!