Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 10-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Айрым жерлерге туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрден 15–24 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
-
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6°, күндүз 0…+5°;
-
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3°, күндүз 0…+5°;
-
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7°, күндүз 0…-5°;
-
Нарында түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7°;
-
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7°, күндүз -4…-9°;
-
Баткенде түнкүсүн -3…+2°, күндүз 0…+5°.
-
Бишкекте түнкүсүн -3…-5°, күндүз 0…-2° болот.

