"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

1080 үй-бүлөгө батирлердин ачкычтары тапшырылат

Бүгүн, 12-январда, Бишкектеги «Мурас» турак жай комплексинен 1080 үй-бүлөгө батирлердин ачкычтары тапшырылат. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

Каныбек Туманбаев Маликов көчөсүндөгү «Мурас» турак жай комплексинде 8 блоктон турган 18 жана 24 кабаттуу ипотекалык үйлөр тууралуу билдирүү жасап, «Сабырдуу болсок, кезекте турган жарандар 2-3 жылдын ичинде үйлүү болосуздар», – деген.