"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

11-декабрга карата аба ырайы

Эртең, 11-декабрга караган түнү Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым аймактарында, Ош облусунун тоо этектери менен тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы маалымдады.

Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -12…-17°, күндүз +1…+6°;
Таласта түнкүсүн -11…-16°, күндүз +1…+6°;
Баткенде түнкүсүн -3…-8°, күндүз +4…+9°;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8°, күндүз +5…+10°;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-17°, күндүз -1…+6°;
Нарында түнкүсүн -18…-23°, күндүз -6…-11° болот.

Ал эми Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн -13…-15 градус суук, күндүз +4…+6 градус болот.