"Эркин-Тоо"

11-күн… Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кыз табыла элек

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кыз табыла элек. Бул тууралуу КМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-июлда Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда көлгө чөгүп кеткен 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кызды издөө ишинин бүгүн 11-күнү. Бирок, издөө ишинен натыйжа боло элек.

Бүгүн, 28-июлда эртең менен са­ат 08:00 тарта нарист­ени издөө иши баштал­ып, анда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 3 топко бөлүнүштү.

Биринчи​ топто Балыкчы шаарынын өзгөчө кырдаалдар бө­лүмүнөн​ 4 куткаруучу тартылып, Тоң району­нун Шор-Булак айылын­ан Балыкчы шаарыны чейинки аралыкта издөө иштерин жүргүзүүдө. Экинчи топко Тоң рай­ондук өзгөчө кырдаал­дар бөлүмүнөн​ 4 ку­ткаруучу тартылып, райондун Шор-Булак айылынан Бөкөнбаев айылына чейинки ара­лыкты, үчүн­чү багытта Ысык-Көл райондук ӨКБнөн 2 ку­ткаруучу тартылып, Чолпон-Ата шаарынан Тору-Айгыр айылына чейинки аралыкта издөө иштерин жүргү­зүп жаткан учур. Жалпы 10 куткаруучу, 2 АСМ авто анаасы жана 3 моторлуу кайык менен издөө иштери уланууд­а.

Эскерте кетсек, окуя 18-июль күнү Ысык-Көл районунуна караштуу Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда орун алып, анда көлдө түшүп жүргөн желим баллондо отурган 4 жаштагы наристени ата-энесинин көз алдында эле көлдүн толкуну алып кеткен. Белгилей кетсек, көлдүн бул жээгиндеги тилкесине эл түшпөйт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!