"Эркин-Тоо"

11-майда Жогорку Кеңештин кезектеги жалпы жыйынында каралуучу 9 мыйзам

Жогорку Кеңештин кезектеги жалпы жыйыны 11-майда өтөт. Анда 9 мыйзам долбоору караларын парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Карала турган мыйзам долбоорунун тизмеси:

  1. «Сырткы видеобайкоо боюнча» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралат;
  2. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет;
  3. «2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет;
  4. «Женева шаарында 2008-жылдын 20-февралында кол коюлган «Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө» конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет;
  5. «Эл аралык чукул жардам жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет;
  6. «Өрт коопсуздугу жөнүндө» мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет;
  7. «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет;
  8. «Күрөө жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет.
  9. «Ишкерлерди жана ишканаларды текшерүүгө укугу бар органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтом долбоору.

Айта кетсек, бул мыйзам долбоорлордун баарын Министрлер кабинети сунуштап, тиешелүү комитеттер карап чыккан.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!