2021-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилде 115 “Шыр байланыш” телефонуна 10 046 чалуу келип түшкөн. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чалууларга жана келип түшкөн үн билдирүүлөргө жооптор берилип, адам укуктарынын бардык маселелери боюнча консультациялар уюштурулган. Мындан тышкары, жарандарга алардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун каражаттары жана жолдору боюнча 8 219 түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппаратына жана башка компетенттүү органдардын кароосуна байланыштуу сунуштар берилген.
Ошондой эле, жарандардын кайрылууларын ыкчам кароо максатында Акыйкатчынын аппаратында атайын баарлашуу чаты уюштурулган. Анда шыр байланыш телефонунун адистери тарабынан керектүү консультациялар, түшүндүрмөлөр жана сунуштар берилген.