Эртең, 12-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -20 … -25, күндүз -14 … -19;
Талас облусунда түнкүсүн -20 … -25, күндүз -14 … -19 ;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -12 … -17, күндүз -9 … -14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -12 … -17, күндүз -9 … -14;
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -9…-14;
Бишкек шаарында кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -20 … -22, күндүз -14 … -16 градус болот.