"Эркин-Тоо"

13-14-март күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт

Кыргызгидромет борборунун билдирүүсүнө ылайык, 13-15-март күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүлүп,  тоолуу райондорунда кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

13-мартта күндүз жана 14-15-март күндөрү абанын температурасы төмөндөп:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -1° сууктан…+4° жылуулукка чейин;
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, күндүз 4…9° жылуу;
  • Ысык-Көл ойдонунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин;
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -3…-8° суук;
  • республиканын тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -4 сууктан…+1° жылуулукка чейин;
  • республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9° суук, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -16…-21°, күндүз -6…-11° суук болушу күтүлөт.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!