13-февралда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондоро кар жаашы күтүлөт.
Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн экинчи жарымында Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +5…+10, Талас облусунда +4…+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +11…+16, Ысык-Көл облусунда +1…+6, Нарын облусунда -1…-6 градус болушу күтүлөт.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +7…+9 градуска чейин көтөрүлөт.