"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

13-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы

 Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 13-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ал эми Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +6…+11, Талас, Нарын облустарында +4…+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12…+17, Ысык-Көл облусунда +5…+10 градус болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы +8…+10 градус болушу күтүлөт.