"Эркин-Тоо"

138 мыйзамдын күчүн жокко чыгаруу демилгеси көтөрүлүүдө

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети караган  “Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөгү” мыйзам долбоору бир топ тактоочу маселелер жаралгандыктан кийинки отурумдарга жылдырылды.

Бул тууралуу №36 Ысык – Көл шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат,  Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин өкүлү Максатбек Сарбагышев  “Парламент” радиосуна берген маегинде  билдирди.

«Күчүн жоготту, — деп табуу тууралуу топтолгон мыйзам актылары 1993 – жылдардан бери жыйналып калган. Жалпы эсептеги 138 мыйзамдардын арасында агынды суулардын тарифтик өзгөртүүлөрүнө тиешелүү болгон, социалдык багыттагы жөлөкпул төлөө тарабындагы жокко чыга турган мыйзам актылары бар. Депутаттар койгон талап боюнча, ар бир жаңы кабыл алынган мыйзам болгондо колдонулбаган мыйзамдардын инвентаризациясы убагында иретке салынышы керек», — деди депутат Сарбагышев.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!