"Эркин-Тоо"

14-июнь — Бүткүл дүйнөлүк кан донорунун күнүнө карата Бишкекте масштабдуу кан тапшыруу акциясы өтөт.

Бул тууралуу Республикалык кан борборунан билдиришти.

Иш-чара шаар мэриясынын колдоосу менен «Азия-молл» соода борборунун экинчи кабатында өткөрүлөт. Донор болууну каалагандар саат 9:00дөн баштап каттоодон өтө алышат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, донордук кандын минималдуу-оптималдуу көлөмү болушу үчүн 1 000 адамга 40 донор туура келиши керек. Ал эми Кыргызстанда миң адамга 5,5 гана донор бар.

«Тилектештик маданиятын бекемдөө үчүн ар бирибиз ыктыярдуу кан тапшыруу маанилүү экенин түшүнүшүбүз керек. Ар бирибиз салым кошкон учурда гана дени сак коомдо жашай алабыз. Андыктан саламаттыгы мүмкүнчүлүк берген ар бир кыргызстандыкты бул акцияга активдүү катышууга чакырабыз», — дешти уюштуруучулар.

Кан донорунун дүйнөлүк күнүнүн быйылкы урааны — Кан тапшыруу тилектештик актысы. Донор болуп, өмүрлөрдү сактап кал!

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!