Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча бүгүн, 14-январда, күндүз Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз +8…+13, Талас облусунда +6…+11 градус жылуу болот.
Ысык-Көл облусунда күндүз 1…+6 градус, Нарын облусунда -5…-10 градус суук болот.
Ал эми Ош, Баткен Жалал-Абад облустарында абанын температурасы күндүз +8…+13 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз +10…+12 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.