Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, айрым райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +13…+18 Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16 Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +13…+18 Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +13…+18 Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8 Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…-8 Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2 градус, күндүз +16…+18 градуска чейин жетет.