"Эркин-Тоо"

16-апрелде өлкөнүн 6 облусунда жаан-чачын күтүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 16-апрель күнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарында жаан-чачын күтүлөт.

Абанын температурасы:

Бишкек шаарында түнкүсүн +7…+9°, күндүз +16…+18°;

Чүйдө түнкүсүн +6…+11°, күндүз +14…+19°;

Таласта түнкүсүн +4…+9°, күндүз +14…+19°;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15°, күндүз +17…+22°;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +3…+8°, күндүз +10…+15°;

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8°, күндүз +9…+14° болот.