Кыргызгидромет билдиргендей, 16-апрелде түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймакта жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +13… +18,
Талас жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +12…+17,
Баткенде түнкүсүн +8… +13, күндүз +14…+19,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9… +14, күндүз +15…+20,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3… +8, күндүз +11…+16,
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз + 12…+17.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз, +14…+16 градус болот.