Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 16-октябрда өлкө боюнча аба ырайы туруктуу болот, жаан-чачын күтүлбөйт.
Чүй жана Талас аймактарында түнкүсүн +1…+6°, күндүз +18…+23° жылуу болот. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында аба салыштырмалуу жылуу — күндүз +22…+27°, түнкүсүн +6…+13°.
Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн +1…+7°, күндүз +15…+20° чейин жылыйт.
Бишкекте да жаан-чачын күтүлбөйт. Шаарда түнкүсүн +3…+5°, күндүз +21…+23° жылуу болот.