"Эркин-Тоо"
№78 2021-ЖЫЛДЫН 9-ИЮЛУ

Кыргыз эл акыны, жазуучу, драматург Меңди Мамазаирова менен эгемендик жылдарында маданият, адабият кандай өнүктү, эмнеден өксүдү, коңшу өлкөлөрдүн ал-акыбалы бизге салыштырмалуу кайсы деңгээлде баратат деген өңүттө маек курдук

. — Меңди эже, эгемендиктин 30 жы лында эмне көбүрөөк эсте калды?

— Эгемендик келгенде биз бир кездер де каганат, мамлекет курган кыргыздар акыры көз карандысыздыкты алып, өңгө лөр менен бир укукта тең ата болот экен биз деп абдан сүйүндүк. Аны менен кошо Президент, вице-президент, премьер-ми нистр деген жаңы сөздөр кирди. Демок ратия, ачкачылык жарыялоо деген жаңы түшүнүктөргө таң калып кабыл алдык. Эки жылда Швейцария болобуз деп өрөп күгөндү айтпа! Өтө ич күйдүргөн нерсе — демократия, эки жылда Швейцария боло буз дегендер Кыргыз Республикасынын жанын, дене-канын биротоло талкалап салышты. Имараттар, жерлер, малдар са тылды, завод-фабрикалар ишин токтотту. Карайлаган эл анан сыртка иш издеп кет ти. Союз колдоп чыгарган Айтматов, Ка сымбеков, Токомбаев, Сыдыкбековдордун чыгармаларынын өңү өчүп, Улуттук жа зуучулар союзу жөн эле коомдук бирикме болуп калды. Театрга эл кирбей, базарлап кетти. Эгемендик алсак өнүгүп-өсөбүз де ген ийги тилектер иллюзия боюнча калды. Союздун идеологиясы күч түү болуп, жаа гы капкандай ка туу чаап турган да кыргыздар ын тымактуу болуп, сестенип турган экенбиз. Чынын да, байлык-дөөлөттүн көбү союз учу рунда жыйналган. Эгемендик келгенден кийин 3 революция болуп, кыргыздын колунан иш келген кыздары менен жи гиттери тосмодо буулугуп калган суудай күрпүлдөп, элдин дөөлөт-мүлктөрүнө эки колун чеңгелдеп салып, өз үйлөрүнө та шып, жеп-иче берген экен. Анын баарын жылдар өтүп билдик. Адегенде эле өлкө башына акыл-эстүү, ар-намыстуу, патриот адам келгенде көп байлыктар мамлекетте сакталып калмак деп ойлойм. Мунун баа ры жүрөктү оорутуп, жүлүндү сыздатты. Эл мүңкүрөдү. “Тур, улуу журт!” поэмамдын аягы: Өңгөлөр кетип жатат өрдү карай,Тур, улуу журт көтөрүл, карайлабай! — деп бүтөт эмеспи. Баарынан да “суу са тылып жатыптыр” дегенде аябай жаман болгом. Суу сатылат деген өмүрү оюма келбептир. Ала-Тоонун башында жаткан мөңгү аппак болуп түбөлүк козголбой ту рат деп ойлопмун. Акак мөңгү, наристе суу, Тирүүлүктүн канысың. Сен түбөлүк муздуктагы, Кыргызымдын жанысың, — деп сүйүнүп жаздым эле. Ал эми 2009-жылдары: Аңкап калсын ылайым суу саткандар, Тоңуп өлсүн мөңгүмдү пулдагандар! — деп жазгамын “Унчукпастарга” деген узун ырымда.

— Сиз Кыргызстан улуттук жазуучу лар союзу коомдук бирикмедей эле бо луп калды деп айттыңыз. Коңшу өлкө лөрдө жазуучуларга стипендия төлө нөт, үй курулат деп угабыз. Бул бизге жомоктой сезилет.

— Баарынан мурда сөз болгон деп айты лат эмеспи. Бардык маданияттын: музыка, театр, кино, ал эмес сүрөтчүлүктүн да не гизи болгон сөз ээлеринин Союзу катарда гы бирикме болуп калдык… Өзбек станда союз кезиндей эле жазуучуларды мамле кет каржылайт. Алар Жазуучулар союзун сактап калып, акын-жазуучуларын бапес теп алган. Ал тургай карып калган акын жазуучуларды мам лекет “ал-абалын би лип турасың, мук таждыктарын алып бересиң”, — деп оли гархтарга байлап берген дешет. Мын дан 2-3 жыл мурда бизден барган жазуучулар мамлекеттин бардык шарттарын пайдаланып, чыгар мачылык менен шугулданып жашап жат кандарын көрүп, ыйлагыдай болуп келиш ти. Жазуучулар союзунда 30 адам кадим ки бюджеттен айлык алып иштешет экен. Бизде, Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунда бир сом албай, патриот катары бекер иштешет. Казакстанда да жагдай жакшы. Маданият министрлиги ар бир пьесага эң аз дегенде 3 миң доллардан тө лөп берет дешет. Бизде мындан 3-4 жыл мурда эки жолу көп актылуу мыкты пье саларга конкурс жарыяланган. Жеңүүчү лөргө 50 миң сомдон байге коюлган. Анын байгесин ошондогу Финансы министрли ги акча жок деп какшатып, министрлик тин алдына барып “көтөрүлүш” чыгарып атып алганыбызды драматургдар унута элекпиз. Бирок, акча бөлүп, пьесаларды театрларга койдурган деле жок, көбү ошол жазылган бойдон калды. — Мыкты пьесаларга сыйлык, бай ге алдык деп айттыңыз. Ал эми кал ган жазуучулардын акыбалы кандай болду? — Демократиянын шарданы менен ку банып жүрүп бардык эле жанрларда иш теп аткандай болгонбуз. Бара-бара иргеле берди. Жазгандары китеп болуп чыкпаган соң, жазуучуларда стимул болбой калды окшойт. Мурдагыдай китепти чыгарууга, ага гонорар төлөгөнгө мүмкүнчүлүк жок. Кол сууйт окшойт. Бирок, көкүрөктү деме ген ой-кыял турганда жаза берет экенсиң. Маселен, Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда”, Казат Акматовдун “Архаты”, Султан Раевдин “Жанжаза”, ”Топон” ро мандары ой-кыялы мурдагыдай кысыл бай, ачык айтылып, так ушул эгемендик учурунда жаралбадыбы. Ал эми драма тургия жаатында да мыкты пьесалар пай да болуп, аздыр-көптүр театрлардын ре пертуарларына кирип жатат. Поэзияда да акындар иштеп, китептерин чыгарып жа тышат. Жаңы ысымдар пайда болуп, бир топ жаш акындар дүбүрт салууда.

— Сиз бардык жанрда ийгиликтүү иштеп келе жатасыз. Тандалма том доруңуз жарык көрүп, элдин колунда. Жакында Чернобыль каргашасынын 35 жылдыгына арналган “Кечиктим!” драмаңыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын сахна сында жүзүн ачты. Аны КР эл артисти Назира Мамбето ва койду. Эл ыйлап көрүп, жакшы ка былдаганына күбө болдук. Ушул пье саңызды Ош облус тук С. Ибраимов атындагы драмтеат ры да ийгиликтүү койду. Эмне үчүн бул темага кайрылдыңыз?

— Кантип кайрылбайм? Чернобыль ХХ кылымдагы адамзаттын жашоо форма циясындагы эң чоң апаат. Хироси ма, Нагасакидеги шумдук иштерден да жаман. Анын үстүнө америкалык тардын “Чернобыль” 5 сериядан тур ган тасмасын көргөм. Ошол да катуу түрткү болду. Убагында өтө катуу жа шырышкан. Кыргызстандан эле канча адам катышкан, канчасы набыт бол гон. Азыр миңден ашык киши калды дешет. Эми ошондой трагедия кайта ланбаса деген тилек. — Сиздин көлөмдүү “Аймаран” рома ныңызды так ушул эгемендик жыл дардын туундусу дегим келет? — Туура айттың. “Аймаран” романымда 30 жыл ичиндеги кыргыздардын өзгөргөн пейил-куйу, асылдыктардын баркы, ата бабадан калган табериктер кантип тебе ленип-тепселип жатканы жазылган. Жа зуучунун, айрыкча романисттин вазий пасы – заманда болуп жаткан миң түркүн окуяларды образдар аркылуу берүү. Азыр ага маани беришпесе, балким жаңы муун келип окуп калса, “эгемендүүлүк алган жылдардын башындагы саясат, калаага жалаң кафе, ресторандар салынып, той топурлар, адамдардын жеп-ичкени, жа шоо-турмушу жазылган турбайбы”, — деп окуп калышаар.

— Үмүт артаар, сөз кылаар жакшы жактарыбыз да бардыр?

— Азыр акырындык менен пейил оңо луп келатат. Кыргыздар аздыр-көптүр би ригип жатат. Жакында эле “Ааламдык ак бата – рухий биригүү” болуп өттү. Ак ба та бул – тилөө. Жакшылыкты, тынччы лыкты тилөө, ага бата берүү. Буга мамле кеттик деңгээлде көңүл бурулуп, ТВлар дан түз берип турушту. Ушинтип пейил оңолсо, ынтымак болсо, бийлик да оңо лот, мамлекет да өсөт. Буга чейин “кетсин, кетсин” менен келдик. Качан өсөбүз, качан жыргайбыз? 3 революция кылып, бирок жолубузду аныктай албай келебиз. Калем ээлери биз кыялкеч болобуз да, азыркы бийликке үмүт артып турабыз. Үмүт де ген өчпөс от.

— Меңди эже, бул жылдары эмнени жоготтук, эмнени таптык?

— Ыйманыбызды жоготтук. Көздүн ка региндей жерлерибизден кемидик. Тапка ныбыз да болду. Дүйнө элдеринин ката рына кирдик. Эгемендик алдык. Эркин дик!—деген күндөй ысык окуяга ээ бол дук. Ааламдын терезеси кенен ачылып, мыкты кыз-уландарыбыз дүйнөнүн ар та рабынан билим алышты. Башка элдин ти ли менен кошо дилин тааныды. Илим-би лимдүү болду. Бирок, көбү келбей койду. Акыл-эсин, алган билимин өздөрү менен четке калтырышты, бул жагы өкүнөрлүк. Бирок, менин кайнимдин уулу Доорон бек деген мыкты жигит Кореядан химия боюнча терең билим алып келди. Конкурс боюнча өзү өтүп, ата-энесине бир да оор дук келтирбей окуду. Азыр Кара-Балтада химиялык лабораторияда эмгектенүүдө. ”Мен өзүмдү ушул илимден көрөм. Кыр гызстанга эң керектүү адис болом” деп, Кореяда калбай, Ата-Журтуна кайтып келген патриот жигитти кудай жалгасын! Негизинен жаштар өстү, өндү. Кыргыз дын атын ар тараптан чыгарышууда. Айта берсек, өнгөн жактарыбыз арбын. Спорт, көркөм кол өнөрчүлүк боюнча алдыда быз. “Көч мөндөр оюну” да кыргызды ааламга таа ныткан мык ты окуялар дын бири болду.

— Меңди эже, жаштар менен жарышып соцтармактарга кирип, тынбай пикириңизди билдирип, комментарий жазып турасыз. Чыгар ма жазып, көптөгөн жолугушууларга барып жүрсөңүз да буга кантип уба кыт табасыз?

— Убакыт табышым керек. Акын-жа зуучу мезгилден артта калбоосу зарыл. Бизге да соцтармактар аба менен суудай керек. Ютубду дайыма көрөм. Ааламда эмне жаңылык болуп жатат, кайсы про заик, кайсы акын алдыга кетти, кандай чыгармаларды жазды, дегеле дүйнөдө эмне жакшы маалыматтар болууда, бул акын-жазуучуга абдан керек. — Эркиндик, эгемендик сиздин эр гүүңүздү ого бетер күчөттү да. — Колума калем берген тагдырыма шү гүр. Дегеле эл эл болгону, улут улут бол гону эркиндикке умтулат. Эркиндик де ген ширин сөз. Эркиндик дегенди мен от той ысык деп айтаар элем. Адам кул бол бой, эркиндикте жашаганда гана каала ган максатына жетет. Жакында эгемен дигибиздин 30 жылдыгын белгилейбиз, кудай буйруса. Ак ниет, ак дил, тынччы лык менен жетели. Келечектен баары бир үмүт чоң.

Сымбат МАКСУТОВА