Кыргызстанда 17-февралдан 19-февралга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.
Божомолдор боюнча аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө.
17-18-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Маалыматка ылайык, Чүй өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн түндүктө -11…-16, Бишкек шаарында -11…-13 градуска чейин төмөндөйт. Абанын күндүзгү температурасы түндүктө -8…-13, Бишкек шаарында -5…-7 болушу күтүлөт.