"Эркин-Тоо"

17 күндө кызамыктын 229 учуру катталды

2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда кызамыктын 229 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте өткөрүп жаткан кызамык оорусу боюнча көчмө ыкчам штабдын жыйынында белгилүү болду.

Ведомствонун маалыматына ылайык, анын ичинде 144 учур Бишкек шаарында катталды.

Белгиленгендей, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын аймагында кызамык оорусунун 14 380 учуру, анын ичинен 5 681 учуру Бишкек шаарында катталган.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!