Унаа жана жолдор министрлигинин автомобиль жол башкармалыгынын башкы адиси Алымбек Турдалиев былтыр Кыргызстанда 1 миң чакырым жол курулганын билдирди. Анын айтымында, ошондой эле 17 көпүрө курулуп, 5 миңден ашык жол белгилерин алмаштыруу жана орнотуу иштери аяктады.