"Эркин-Тоо"

17-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

17-19-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 0…-2, Талас районунун дыйканчылык аймактарында -1…-3 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөт.

Кыргызгидромет билдиргендей, 17-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт, жаан-чачын жаабайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Тала соблусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +12…+14 градус болот.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!