"Эркин-Тоо"

17-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык, 17-18-19-январь күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт.

17-январда күндүз жана 18-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, 18-январда күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда 17-18-январь күнү жаан-чачын күтүлбөйт.

Бүгүн, 17-январда абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9 градус, Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8, Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5 градуска чейин суук болушу күтүлөт.

Ош жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы ​түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11 градуска жетет.

Баткен облусунда болсо түнкүсүн 2…7, күндүз 5…10 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 5…7 градуска чейин жетет.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!