"Эркин-Тоо"
Айыл чарба

18 миң тоннага жакын картошка алынып келинди

Июнь айынын аягына чейин Кыргызстанга 18 миң тоннага жакын картошка импорттолду. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Республиканын аймагына кирип жаткан бардык импорттук картошка — Евразия экономикалык биримдикке мүчө мамлекет катары, Карантиндик фитосанитардык талаптарга шайкеш келгенде гана киргизүүгө уруксат берилет.