Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары мыйзамсыз миграция уюштурган деген шек менен УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда, мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр коңшу мамлекеттен уруксаты жок жарандарды алып келип, Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнө тарткан. Аларды уюштурууга ИИМдин айрым кызматкерлери да көмөктөшкөнү белгиленүүдө.
2025-жылдын 30-июлунда өткөн рейд учурунда 3 уюштуруучу жана 19 чет элдик жалданма жумушчу кармалды. Тергөө иштери уланууда.

