Кыргызгидромет билдиргендей, 19-февралда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2,
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы -12…-14, күндүз -4…-6 градус суук болот.