Бүгүн, 19-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаайт.
Жолдордун тоолуу бөлүгүндө тоңголок, тайгалак болот, деп билдирди Кыргызгидромет.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда 0…-5
Талас облусунда -2…+3
Баткен облусунда +1…+6
Ош, Жалал-Абад облусунда +1…+6
Ысык-Көл облусунда 0…+5
Нарын облусунда -2…-7
Бишкек шаарында жаан, кар жаайт. Абанын күндүзгү температурасы 3…5 градуска жетет.
Күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө туман түшүп, көрүү аралыгы 200-500 метрге чейин төмөндөшү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолдо жүрүүдө эрежелерди так сактоого чакырат.