Ушул жылдын февраль айында кыргызстандык мигранттар өлкөгө 187,6 млн доллар акча каражатын которушкан. Бул көрсөткүч январь айына салыштырмалуу 10,5 млн долларга көбүрөөк. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, январь-февраль айларында мигранттардан жалпысынан 364,7 млн доллар келген. Бул өткөн жылдын ушул эле айларына салыштырмалуу 36,1 млн долларга көп.
Которулган каражаттардын 97 пайызы Россия Федерациясында эмгектенген мигранттардан түшкөн (354,08 млн). Ал эми башка өлкөлөрдөн 1,76 млн доллар болсо, АКШдагы мингранттар өлкөгө 7,5 млн доллар салышкан.