Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин жалпы кызматкерлери Чүй токой аңчылык чарбасынын Кегети токойчулугунда Тянь-Шань карагайын отургузуу ишембилигин өткөрүштү. Кегети токойчулугунун 2 гектар жер аянтына 2000ден ашык Тянь-Шань карагай көчөтү отургузулду. Кегети токойчулугунун жалпы аянты 9919 га түзүп, анын ичинен токой каптаган бөлүгү 40 пайызын түзөт. Быйыл Кегети токойчулугунун 5 гектар жер аянтына ийне жалбырактуу 5500 даана көчөт тигилди.