"Эркин-Тоо"

2 килограммдан ашык баңги затын сатууга аракет кылган кыргыз жараны кармалды

2 килограммдан ашык баңги затын сатууга аракет кылган Кыргыз Республикасынын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүрүшүнүдө, жалпы салмагы 2 килограммдан ашык баңги затын сатууга аракет кылып жаткан учурда 1961-жылы туулган Ж.С.А. аттуу Ош облусунун тургуну кармалды.

Кармалган Ж.С.А. КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!