"Эркин-Тоо"

20-апрелден тарта карызы бар жарандардын газы өчүрүлөт

«Бишкекгаз», «Чүйгаз», «Ошгаз» жана «Жалалабатгаз» газ кызматтары 2024-жылдын 20-апрелинен тарта карызы топтолгон абоненттерге жаратылыш газын берүү токтотуларын маалымдайт.

Өчүрүү аралыктан электрондук клапандарды колдонуу менен жүргүзүлөт.

Газ кызматтары белгилегендей, абоненттер менен иштөөдө жылдын суук мезгилинде ишенимдүү газ менен камсыз кылуу зарылчылыгына ар дайым түшүнүү менен мамиле кылып, ошондуктан абоненттерге 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилинде жаратылыш газын берүү улантылган.

Мындан тышкары, төлөбөгөндөр газды тышкы жеткирүүчүнүн алдындагы келишимдик милдеттенмелерди өз убагында аткаруу зарылчылдыгынан улам керектелген жаратылыш газы үчүн акы төлөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө бир нече жолу эскертилген.

Карыздын суммасы/баланс жөнүндө маалыматты төмөнкү платформалардан билүүгө болот:

  1. 4444 сурап-билүү кызматы (уюлдук телефондон чалуу акысыз);
  2. www.gazprom.kg сайты;
  3. MEGAPAY, O!Деньги, Balance.kg электрондук кошелектор.
Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!