Энергетика министрлиги Кыргызстанда жыл соңуна чейин 20 мунай скважинасы ишке бериле тургандыгын билдирди.
Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, “Кыргызтранснефтегаз” мамлекеттик ишканасы “Кыргыз-Түрк К-НефтьГаз” ААКсы менен биргеликте 7 мунай скважинада оңдоо жана даярдоо иштери жүргүзүлүп, 2024-жылдын 25-сентябрынан тартып мунай өндүрүлүп баштады. 2024 жылдын аягына чейин дагы 20 скважина ишке берилет.
Ошондой эле “Кыргыз-Түрк К-НефтьГаз” ААКсы тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районунда өндүрүш кубаттуулугу суткасына 500 тонна мунайды кайра иштетүүчү завод курулушу акыркы этабы аткарылууда.