Көк-Жар суу алуучу жайында жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу 2025-жылдын 20-ноябрында саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, 7-Апрель – Улан-2 кичи району – Аламүдүн суусу – Скрябин көчөсү – Юнусалиев көчөсү – М. Горький көчөсү – 7-Апрель көчөсүндө суу өчүрүлөт.

