Бүгүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.
Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 10…15, Таласта 9…14, Ысык-Көл жана Нарын облустарында күндүзгү абанын табы күндүз 3…8 градуска жетет.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз 14…19 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында күндүз жамгыр жаабайт, абанын температурасы 13…15 градуска жетет.
Жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол–Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.