УКМК Кыргызстанда Трансулуттук топ кыргызстандык балдарды мыйзамсыз асырап, кийин сатуу максатында өлкөдөн чыгарып кетип турган топту колго түшүргөнүн билдирди.
Маалыматка караганда, кылмыштуу топ 2022-жылдан бери иштеп келген. Алар начар жашаган үй-бүлөлөрдү манипуляциялоо жолу менен балдарын камкордукка алышчу. Факт боюнча “Адам сатуу” беренеси менен иш козголгон. 20-сентябрда шектүүлөр кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда атайын кызмат кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоодо.