"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

3 жылдык салык карыздары кечирилиши мүмкүн

2022-жылдын 1-январына чейинки салык карыздары кечирилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков «Биринчи» радионун түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда Жогорку Кеңеште каралып жаткан мыйзам долбоору ишкерлерге жана жарандарга колдоо көрсөтүп, салык жүгүн жеңилдетүүнү көздөйт.

«Мындан сырткары, мыйзам долбоорунда транспорт салыгына байланыштуу жеңилдиктер да каралган. Тактап айтканда, мурунку жылдары кечиктирилип калган автоунаа салыгы боюнча карыздар кечирилиши мүмкүн», — деди Ысабеков.

Аталган демилге салык төлөөчүлөрдү мыйзамдуу талаага кайтарууга, салык системасына ишенимди бекемдөөгө жана ишкерлерди колдоого багытталган.