"Эркин-Тоо"

2024-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 66 млрд сом бөлүнөт

2024-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө 66 млрд сомдун тегерегинде каражат жумшоо каралууда. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев  маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы карызды төлөөгө 53 млрд сом бөлүү пландалган. Бүгүнкү күндө анын 49 млрд сому төлөнгөн.

«Эмки жылдын бюджети негизинен экономикага багытталат. Эң чоң тармак — энергетика. Бул тармакка 55 млрд каражат караштырып жатабыз. Мындан тышкары мамлекеттик уюмдарды капиталдаштыруу жана бюджеттик насыяларды берүү жагы да бар. Эң негизгиси, эмки жылдан баштап карыз албай, өзүбүздүн киреше булактарыбыздан мамлекеттик карызды төлөөгө каражат жумшап жатабыз», — деди министр.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!